Израилде 5 - 11 жаштагы балдарга вакцина бериле баштады
Премьер - министр Нафтали Беннетт 9 жаштагы кичүү уулу Дэвидди биринчи эмдөө дозасын алуу үчүн Герцлия шаарындагы клиникага алып барды.
1737737
Израилде 5 - 11 жаштагы балдар Ковид-19га каршы эмделе баштады. Бул курактагы балдар үчүн BioNTech-Pfizer вакцинасынын нормалдуу дозасынын үчтөн бири колдонула турганы билдирилди.
Израиль өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, премьер - министр Нафтали Беннетт да 9 жаштагы кичүү уулу Дэвидди биринчи эмдөө дозасын алуу үчүн Герцлия шаарындагы клиникага алып барды. Беннетт үй-бүлөлөрдү балдарын эмдөөгө чакырып, вакцинанын коопсуз жана балдарды коргой тургандыгын айтты.