Дүйнөнүн эң картаң адамы каза болду

Дүйнөдөгү эң картаң адамы Франсиска Сусано 124 жашында Филиппинде көз жумду.

1738080
Дүйнөнүн эң картаң адамы каза болду

Дүйнөдөгү эң картаң адамы Франсиска Сусано 124 жашында Филиппинде көз жумду.

Daily Mail гезитинин кабарына караганда, туугандары тарабынан Лола деген ат менен таанылган Сусано Филиппиндин Кабанкалан шаарындагы үйүндө каза болгон.

19 - кылымдын акыркы күбөсү деп эсептелген Сусанонун жашынын Гиннес рекорддор китеби тарабынан  текшерүү процессинде экени белгиленди.

Сусанонун өлүм себеби тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар