Армениянын коргоо министри кызматтан алынды

Жаңы Коргоо министри катары Папикян дайындалды.

1734258
Армениянын коргоо министри кызматтан алынды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коргоо министри Аршак Карапетянды кызматтан алды.

Армения өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Пашиняндын Армения - Азербайжан чек арасындагы абал тууралуу жетекчилер менен сүйлөшкөнү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдө өзгөчө «чек ара эрежелеринин бузулушу» тууралуу талкуу болгондугу билдирилген маалыматта : «Пашинян чек арада болгондордон улам Карапетянды  кызматтан алып, жаңы Коргоо министри катары (вице  - премьер  - министр Сурен) Папикянды дайындады»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар