Японияда куш тумоосу

Акита губернаторлугу болжол менен 143 миң тооктун жок кылынарын билдирди.

1731978
Японияда куш тумоосу

Япониянын түндүк-чыгышындагы Акита аймагындагы тоок фермасында куш тумоосу аныкталды.

Киодо агенттигинин кабарына караганда, Йокоте аймагындагы тоок фермасында сезондогу биринчи куш тумоосу байкалды.

Жооптуу ветеринар, фермада тооктун өлүмү көбөйүп жатканын жергиликтүү саламаттык сактоо бөлүмдөрүнө билдирди.

Фермада текшерилген 13 тооктун 12синде куш тумоосу аныкталып, абал Айыл чарба министрлигине кабарланды.

Акита губернаторлугу болжол менен 143 миң тооктун жок кылынарын билдирди.



Тектеш кабарлар