Ирактын премьер-министри Казиминин өмүрүнө кол салуу аракети

Ирак өкмөтүнө караштуу Медиа коопсуздук тармагынын жетекчиси Саад Маан жазуу түрүндөгү маалыматында борбор шаар Багдадда Казиминин үйүнө жасалган кол салууда 3 учкучсуз учуучу аппарат колдонулганын, 2 аппаратынын атып түшүрүлгөнүн айтты.

1730399
Ирактын премьер-министри Казиминин өмүрүнө кол салуу аракети

Ирактын премьер-министри Мустафа ел-Казимиге кол салуу аракетинде 3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын (SİHA) колдонулганы жана 2синин атып түшүрүлгөнү жарыяланды.

Ирак өкмөтүнө караштуу Медиа коопсуздук тармагынын жетекчиси Саад Маан жазуу түрүндөгү маалыматында борбор шаар Багдадда Казиминин үйүнө жасалган кол салууда 3 учкучсуз учуучу аппарат колдонулганын, 2 аппаратынын атып түшүрүлгөнүн айтты.

Кол салуудан улам Казиминин жансакчыларынын жараланганын жана ооруканаларда дарылануусунун уланып жатканын белгилеген Маан, террордук кол салууга байланыштуу кеңири масштабдуу иликтөө иштери башталганын, кол салгандарды табуу үчүн бардык каражаттардын мобилизацияланганын айтты.

Ирактын куралдуу күчтөрүнүн башкы командиринин басма сөз катчысы Яхья Ресул да Казимиге кол салуу аракетинде колдонулган куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын учкан жерин билүү үчүн териштирүүнүн уланып жатканын жарыялады.



Тектеш кабарлар