Байдендин ишканаларга киргизген эмдөө талабына сот бөгөт койду

Байдендин 100дөн ашык кызматкери бар ишканалардын кызматкерлерин 4-январга чейин Ковид-19га каршы эмдөө талабы, айрыкча республикалык фронтто реакцияны жаратты.

1730307
Байдендин ишканаларга киргизген эмдөө талабына сот бөгөт койду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден тарабынан 100дөн ашык кызматкери бар ишканалар үчүн коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина талап кылуусу Техас жана Луизиана штаттарындагы соттордо бөгөттөлдү.

Байдендин 100дөн ашык кызматкери бар ишканалардын кызматкерлерин 4-январга чейин Ковид-19га каршы эмдөө талабы, айрыкча республикалык фронтто реакцияны жаратты.

4-ноябрда жарыяланган милдеттенмеге каршы өлкөнүн көптөгөн штаттарында козголгон доо арыздардан алгачкы чечимдер чыга баштады.

Техас жана Луизиана штаттарынын жергиликтүү апелляциялык соттору бул практиканы убактылуу токтотту.

АКШда республикачылдар Байдендин эмдөө талаптарына каршы чыгып, ал көптөгөн адамдарды жумушсуз калтырат жана конституцияга каршы келет, ал эми демократтар бул милдеттенмелер коомдук ден-соолук жана эпидемияны токтотуу үчүн зарыл деп ырасташат.



Тектеш кабарлар