Ооганстандагы кол салууну ДЕАШ моюнга алды

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салуудан 20дан ашуун адам каза таап, 40тан ашууну жарадар болгон.

1728484
Ооганстандагы кол салууну ДЕАШ моюнга алды

Ооганстандын борбор шаары Кабулдун Вазир Акбар Хан аймагындагы «Сердар Мухаммед Давуд Хан» ооруканасына кечээ түштө болгон куралдуу жана бомбалуу кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ өзүнө алды.

Террор уюму ДЕАШ социалдык медиа эсептеринен билдирүүсүндө 5 кол салуучу менен уюштурган кыймылда талибдердин белгилүү командири да болгон топтун көптөгөн мүчөсүнүн өлтүрүлгөнүн айтты.

Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид кол салууда 4 карапайым тургун жана 3 талиб мүчөсү каза болгонун билдирди.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салуудан 20дан ашуун адам каза таап, 40тан ашууну жарадар болгон.



Тектеш кабарлар