Путин С - 500дүн АКШнын коркунучуна каршы кызмат кыларын айтты
Россиянын президенти Владимир Путин Сочиде Коргоо министрлиги жана коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугушту.
Америка Кошмо Штаттарынын Европага орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштыруу пландарына каршы, Россия С - 500 абадан коргонуу системаларынын алдыдагы жылдарда армиянын инвентаризациясына кире турганын жарыялады.
Россиянын президенти Владимир Путин Сочиде Коргоо министрлиги жана коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугушту.
Жакында Кара деңизге АКШнын аскердик кемесинин киргенин жана муну дүрбү менен да көрүүгө болорун белгилеген Путин АКШнын Европага орто аралыкка учуучу ракеталарды жайгаштыруу планынын Россия үчүн чоң коркунуч экенин айтты.
Путин : "Ушул себептен мурунку чечимдерге ылайык, алдыбыздагы жылдарда 200дөн ашуун учак жана тик учар, 26 даана С - 350 жана С - 400 абадан коргонуу ракетасынын алгачкы үлгүлөрү армияга кошулат",- деди.
Россиянын деңиз флотунун заманбап курал жана жабдыктар менен жабдылышын каалаган Путин, акыркы 4 жылда деңиз күчтөрүнө 49 жаңы согуштук кеме, 9 жээк ракета системасы жана 10 учак жана тик учак киргенин билдирди.
Чет мамлекеттердин деңиз флотторундагы атомдук суу астында жүрүүчү кемелер, учак конуучу кемелер жана учкучсуз кемелердин санынын көбөйгөнүн эске алган Путин, орус деңиз флотунун ылдам түрдө учуучу унаалар жана курал - жарактар менен жабдуу жолдомосун берди.
Путин С-500дүн АКШнын коркунучуна каршы кызмат кыла турганын жарыялады.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.