Ковид-19 вакциналары боюнча изилдөө жүргүзүлдү

АКШда Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 9 саламаттыкты сактоо мекемеси менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн отчетун жарыялады.

1725341
Ковид-19 вакциналары боюнча изилдөө жүргүзүлдү

Коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан вакциналар коопсуз жана эффективдүү экени дагы бир жолу далилденди.

Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 9 саламаттыкты сактоо мекемеси менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн отчетун жарыялады.

Изилдөөдө Pfizer, Moderna жана Johnson- Johnson вакциналарын алган 11 миллион адам иликтенип, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын июль айына чейин 7 саламаттык сактоо борборунун электрондук маалыматтары да каралып чыкты.

Эмдөө алгандардын Ковид-19дун тышындагы себептерден улам өлүмүнүн эмделбегендерге караганда бир топ төмөн болгонун көрсөткөн изилдөөдө, Pfizer/Biontech вакцинасынын эки дозасын алгандардын эмделбегендерге салыштырмалуу Ковид-19дун тышындагы себептерден каза болуу коркунучунун 34 пайызга азыраак болгондугу аныкталды.



Тектеш кабарлар