Нигерия Түркиядан баргандарга карантинди алып салды

Нигерия өкмөтү, Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында Түркиядан, Бразилиядан жана Индиядан өлкөгө барган жүргүнчүлөргө 7 күндүк карантин милдеттенмесин киргизген болчу.

1719594
Нигерия Түркиядан баргандарга карантинди алып салды

Нигерия коронавируска (Ковид-19) байланыштуу Түркия, Бразилия жана Түштүк Африкадан өлкөгө барган жүргүнчүлөр үчүн киргизген карантиндик тартипти алып салды.

Нигериянын өкмөт катчысы жана Ковид-19 менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Босс Мустафа билдирүүсүндө, өкмөттүн Түркия, Бразилия жана Түштүк Африкадан өлкөгө барган жүргүнчүлөргө карата 7 күндүк карантиндик талапты алып салганын жарыялады.

Мустафа мындай чечимдин эпидемиядан таасирленген өлкөлөрдөгү абалды кайрадан карап чыккандан кийин кабыл алынганын айтты.

Бир тараптан өлкөгө кире турган бардык жүргүнчүлөрдүн сапарына 72 саат калганда өткөн Ковид-19 тестинин жыйынтыгын көрсөтүү чечими уланууда.

Нигерия өкмөтү, Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында 4-марттан тарта Түркиядан, Бразилиядан жана Индиядан өлкөгө барган жүргүнчүлөргө 7 күндүк карантин милдеттенмесин киргизген болчу.



Тектеш кабарлар