Керкүктө түркмөндөр 2 депутат чыгарды

Ирак Жогорку шайлоо Комиссиясы билдирген жыйынтыкка караганда Керкүктө Ирак түркмөн фронту 2, күрттөр 6, араптар да парламентте 4 орундукка ээ болушту.

1718061
Керкүктө түркмөндөр 2 депутат чыгарды

Иракта шайлоонун так болбогон жыйынтыктарына караганда Керкүктө түркмөндөр 2 депутат чыгарды.

Ирак Жогорку шайлоо Комиссиясы билдирген жыйынтыкка караганда Керкүктө Ирак түркмөн фронту 2, күрттөр 6, араптар да парламентте 4 орундукка ээ болушту.

Борбор шаар Багдатта жана өлкөнүн түштүктөгү шаарларында шиит Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  -  Садрга караштуу Садр группасы шайлоодо алдыга чыкты.

Ирактагы Күрдистан Патриоттору Биримдиги (КПБ) Эрбилдеги шайлоо жыйынтыктарын четке кагып добуш берүү процессинде  көз боёмочулук болгондугун  айтып чыкты.

КПБнын расмий интернет сайты Pukmediaда жарыяланган кабарга караганда партиянын Эрбил Жогорку Шайлоо Комиссиясы берген маалыматта Эрбилдеги шайлоонун жыйынтыктарынын өзгөртүлгөндүгү  айтылып, бул шаардагы шайлоо процессинин толугу менен четке кагылгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар