Грециянын Крит аралында жер титиреди

Жер титирөө Түркиянын Эгей жээгинде да сезилди.

1718435
Грециянын Крит аралында жер титиреди

Грециянын Крит аралынын Ласити аймагында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду.

Афинанын геодинамикалык институту, жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.24тө болгон жер титирөөнүн 8,2 километр тереңдикте катталганын билдирди.

Жер титирөөдөн адам өмүрүнө же мүлккө зыян келгени тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Жер титирөө Түркиянын Эгей жээгинде да сезилди.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) жер титирөөнүн абдан күчтүү сезилгенин жана бир нече секундга созулганын билдирди.

Грециянын мамлекеттик телеканалы ERT болсо жер титирөөнүн Додеканес жана Киклад аралдарында катуу сезилгенин кабарлады.



Тектеш кабарлар