Украина Россиянын Крымда шайлоо өткөрүшүнө каршы санкция киргизди

Украина Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Комитетинин чечими боюнча араларында Россиянын жарандары да болгон 95 киши санкция салуу тизмесине алынды.

1715315
Украина Россиянын Крымда шайлоо өткөрүшүнө каршы санкция киргизди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын мыйзамсыз аннексияланган Крымда шайлоо өткөрүүсүнө каршы санкция киргизди.

Украина Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Комитетинин чечими боюнча араларында Россиянын жарандары да болгон 95 киши санкция салуу тизмесине алынды.

Зеленский киргизген санкцияларга караганда бул кишилердин өлкөгө киришине мөөнөтсүз тыюу салынат жана мал  - мүлкү тоңдурулат. Өзгөчө 3 орус жана 1 Сингапур фирмасынын да экономикалык санкция тизмесине алынгандыгы билдирилди.

Россияда парламенттин астыңкы канаты Мамлекеттик Дума 17 – 19 -  сентябрь күндөрү 39 федеративдик аймактын парламенти менен айрым аймактарда аткаруу жана жергиликтүү шайлоо өткөргөн.

Украина башкаруусу Россиянын Крымда шайлоо өткөрүшүнө эл аралык укуктун бузулушу деген негиз менен нааразычылык билдирген.

Европа Биримдиги Россиянын мыйзам тышы аннексиялап алган Крымда өткөргөн шайлоону таныбай тургандыгын билдирген. Россия 2014 -  жылы Крымды мыйзам тышы аннексиялаган.



Тектеш кабарлар