BioNTech-Pfizer вакцинасынын эффективдүүлүгү 6 айдын ичинде төмөндөөдө

BioNTech-Pfizer вакцинасынын 2 дозасынан кийин коргоо деңгээли 88 пайыздан 47 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленди.

1714976
BioNTech-Pfizer вакцинасынын эффективдүүлүгү 6 айдын ичинде төмөндөөдө

Коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан жана mRNA ыкмасын колдонгон BioNTech-Pfizer вакцинасынын эффективдүүлүгү 6 айдын ичинде 50 пайыздан төмөндөгөнү, иммундук системаны күчтөндүрүү үчүн келечекте кошумча доза талап кылынышы мүмкүн экени айтылды.

Дүйнөдөгү эң абройлуу академиялык басылмалардын бири The Lancetте, BioNTech-Pfizer вакцинасынын 2 дозасынан кийин коргоо деңгээли 88 пайыздан 47 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленди.

Бул вакцинанын дельтага жана ушул сыяктуу жаңы варианттарга каршы эффективдүү экени белгиленип, ооруканага жаткыруу жана Ковид-19дан каза болуу коркунучун да 90 пайыздан ашык азайтканы айтылды.

Вакцина 2 дозаны алгандан кийин биринчи айда дельта вариантынан 93 пайыз коргоону камсыз кылган жана бул көрсөткүч 4 айдан кийин 53 пайызга чейин төмөндөгөн.

Вакцинанын жаңы чыккан варианттардан коргоо деңгээли болсо 97 пайыздан 67 пайызга чейин төмөндөгөнү билдирилди.

Pfizer жана Kaiser Permanente изилдөөчүлөрү жүргүзгөн изилдөө, вакцина иштелип чыккан 2020-жылдын декабрынан бери 3,4 миллион адамдын электрондук маалыматтарын эске алуу менен даярдалды.

Изилдөөчүлөр пайыздардын төмөндөшү инфекциялык варианттардын көп болушунан эмес, вакцинанын эффективдүүлүгүнүн төмөндөшүнөн болгонун белгилешти.

Америка Кошмо Штаттарында, Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) сентябрдын аягында 65 жаштан жогору жана тобокелдик тобундагы америкалыктар үчүн Pfizer-BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасын бекиткен болчу.



Тектеш кабарлар