Ислам Кызматташтык Уюму Израилди айыптады

Ислам Кызматташтыгы Уюму "Израилдин басып алуу саясатын улантуу, мыйзамсыз жайгаштыруу, этникалык тазалоо жана Иерусалимге палестиналыктарды күч менен көчүрүү жыйынтыктары" тууралуу  эскертти.

1713681
Ислам Кызматташтык Уюму Израилди айыптады

Ислам Кызматташтыгы Уюму Израиль оккупацияга алган Чыгыш Кудста укук бузууларды айыптады.

Ислам Кызматташтыгы Уюму "Израилдин басып алуу саясатын улантуу, мыйзамсыз жайгаштыруу, этникалык тазалоо жана Иерусалимге палестиналыктарды күч менен көчүрүү жыйынтыктары" тууралуу  эскертти.

Израилдин Чыгыш Кудстун тарыхый өзгөчөлүгүн жана укуктук абалын өзгөртүүгө жана Палестинадан бөлүнүүгө аракет кылып жатканы белгиленген билдирүүдө Израилдин палестиналыктардын Акса мечитинде диний эркиндигине тоскоолдук кылышы, ыйык жерлерге болгон мамилеси жана ачык түрдө эреже бузушу айыпталды.

Израиль полициясы коштогон Суккот майрамынан улам оккупациядагы Чыгыш Кудстун Эски Шаар аймагындагы Акса мечитинин короосуна кирген фанат еврейлер 27 -  сентябрда Харем  - и Шерифте Израиль желегин илишкен.

Кечээ багымдат намазы үчүн Батыш Шериадан Акса мечитине барууга аракет кылган жүздөгөн палестиналык да Израиль полициясы тарабынан тоскоолдукка учурады.



Тектеш кабарлар