Россияда акыркы 24 саатта 887 адам коронавирустан каза болду

Акыркы бир күндө 24 533 адамда вирус аныкталып, 19 -  июлдан бери «эң жогорку» күнүмдүк бейтап саны катталган өлкөдө жалпы бейтап саны 7 миллион 535 548ге жогорулады.

1713412
Россияда акыркы 24 саатта 887 адам коронавирустан каза болду

Россияда Ковид  - 19  эпидемиясынан акыркы 24 саатта 887 адамдын каза болушу менен күнүмдүк эң жогорку сан катары катталды.

Россия Коронавирус инфекциясын көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунан берилген маалыматка караганда акыркы 24 саатта 887 адамдын каза болушу менен эпидемиянын башынан бери күнүмдүк эң жогорку өлүм – житим саны болуп катталды жана вирустан каза болгондордун саны 208 142ге жетти.

Акыркы бир күндө 24 533 адамда вирус аныкталып, 19 -  июлдан бери «эң жогорку» күнүмдүк бейтап саны катталган өлкөдө жалпы бейтап саны 7 миллион 535 548ге жогорулады.

2020 - жылдын 24 - декабрында 29 935 кишиде вирустун аныкталышы менен, Ковид-19 бейтаптарынын күнүмдүк "эң жогорку" саны байкалган өлкөдө  сентябрь айынын башында күнүмдүк бейтап саны 19 000ден төмөн болгон болсо, 16 -сентябрда 19 000ден ашты.

23 -  сентябрда 21 000ден ашуун болгон күнүмдүк бейтап саны 29 -  сентябрда 22 430, кечээ болсо 23 888 болгону билдирилди.



Тектеш кабарлар