Орусиянын премьер-министри Мишустин: «Өлкөдө коронавирустук кырдаал курч»

Мишустин: «Өлкөбүздө күн сайын 20 миңден ашуун учур аныкталууда»

1712977
Орусиянын премьер-министри Мишустин: «Өлкөдө коронавирустук кырдаал курч»

Орусияда коронавирустук (Ковид-19) пандемиянын абалы курч экени айтылды.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин жетекчилер менен видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйында өлкөдөгү Ковид-19 абалы жөнүндө билдирүү жасады.

Орусиядагы пандемиялык абалдын начарлап кеткенине көңүл бурган Мишустин: «Өлкөбүздөгү коронавирустук кырдаал курч. Бейтаптардын саны өсүүдө. Күн сайын 20 миңден ашуун учур аныкталууда»,-деди.

Өлкөнүн аймактык администрацияларынын вируска каршы чараларды көрүшү керектигин айткан Мишустин, Ковид-19га каршы эмдөө процессин да тездетүү зарылдыгын баса белгиледи.

Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко да эмдөө процессинин акырындаганын билдирип: «49 миллион орус жараны вакцинанын биринчи дозасын алды. Вакцинанын эки дозасын тең алган адамдардын саны 40 миллионду түзөт»,-деди.

Орусиянын Адам ден соолугу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматынын башчысы Анна Попова да акыркы үч жумада Ковид-19 учурлары өлкөнүн 56 аймагында көбөйгөнүн жана сентябрда аныкталган учурлардын 97 пайызы Индияда пайда болгон "Delta plus" варианты экенин айтты.



Тектеш кабарлар