BioNTech жоон ичгеи рагына карата фаза - 2 изилдөөлөрүн баштады

BioNTechтин билдирүүсүндө жоон ичеги рагын дарылоо үчүн жаңы дарылоолорго муктаждыктын жогору экенине да басым жасалды.

1713364
BioNTech жоон ичгеи рагына карата  фаза - 2  изилдөөлөрүн баштады

Германиянын биотехнология фирмасы BioNTech жоон ичеги рагына каршы вакцинасынын (BNT122)   фаза - 2 сыноолорун баштаганын билдирди.

BioNTechтен берилген  маалыматта mRNA (кабарчы РНК) технологиясына негизделген BNT122 вакцинасына талапкерлер үчүн  фаза  - 2  изилдөөлөрүнүн башталганы белгиленди.

Маалыматта, изилдөөгө Америка Кошмо Штаттарынан, Германиядан, Испаниядан жана Бельгиядан болжол менен 200 бейтаптын катышканы билдирилип, изилдөөнүн максаты шишиктер операция жана химиотерапиядан кийин кайра пайда болгондо BNT122нин эффективдүүлүгүн текшерүү экени белгиленди.

BioNTechтин билдирүүсүндө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча экинчи өлүмгө алып келүүчү рак деп аталган жоон ичеги рагын дарылоо үчүн жаңы дарылоолорго муктаждыктын жогору экенине да басым жасалды.

BioNTech эң башта тери рагы жана башка рак түрлөрүндө колдонуу үчүн BNT122  вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүн улантууда.



Тектеш кабарлар