Россияда акыркы 24 саатта 857 адам коронавирустан каза болду

Россияда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери акыркы 24 саатта 857 адам каза болуп, күнүмдүк жоготуунун эң жогорку саны катары катталды.

1712406

Россия коронавирус инфекциясын көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунан берилген маалыматка караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 857 адамдын каза болуп, вирустан каза болгондордун саны 206 388ге жогорулады.

Акыркы бир күндө Ковид  - 19 бейтабынын саны да 22 430га көбөйүп 7 миллион 487 138ге жетти.

Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралар жумшартылган борбор шаар Москвада социалдык аралык жана бет кап тагуу мажбурдуулугу улантылууда.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков  жалпы өлкөдө Ковид  - 19  бейтаптарынын көбөйгөндүгүн белгилеп : «Каза болгондордун санындагы көбөйүү санааркатууда. Албетте бул көңүл буруубузду керек кылууда»,- деди.

Россиянын аймактарындагы эпидемиянын абалына карата чечим чыгарылгандыгын айткан Песков жалпы өлкөдө Ковид – 19га каршы кошумча чараларды көрүүнү пландашкандарын айтты.

Тектеш кабарлар