Канадада 39 жумушчу шахтадан чыга албай калды

Канаданын Онтарио провинциясындагы шахтада болгон кырсыктын айынан 39 адамдын шахтада  калганы жарыяланды.

1711519
Канадада 39 жумушчу шахтадан чыга албай калды

Канаданын Онтарио провинциясындагы шахтада болгон кырсыктын айынан 39 адамдын шахтада  калганы жарыяланды.

Канададагы Vale компаниясына таандык шахтада жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11: 30да кырсык болду. Жер астында калган 39 жумушчуну куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы компания тарабынан билдирилди.

Компания жер астында 1258 метр тереңдикте жайгашкан шахтада болгон кырсыктын айынан жумушчуларды ташыган системанын жабылгандыгын,  39 адамдын жер астында калганын, эч кимдин  жабыркабагандыгын жана жумушчуларга азык - түлүк жана дары - дармектердин жеткирилээрин жарыялады.



Тектеш кабарлар