Канададагы парламенттик шайлоодо Трюдо жеңип чыкты
Канада Шайлоо Комиссиясынын расмий интернет сайтында жарыяланган жана расмий болбогон жыйынтыктарга караганда бийликтеги Либерал партиясы жарактуу добуштардын 31, 7 пайызын алды.
Канадада болгон парламенттик шайлоодо Жастин Трюдо жетектеген Либералдык партия биринчи орунга чыкты.
Канада Шайлоо Комиссиясынын расмий интернет сайтында жарыяланган жана расмий болбогон жыйынтыктарга караганда бийликтеги Либерал партиясы жарактуу добуштардын 31, 7 пайызын алды.
Бул добуш катнашы менен Канада федералдык парламентиндеги 308 орундуктан 156сына ээ болгон премьер - министр Трюдонун партиясы, жалгыз бийликке келүү үчүн керек болгон 170 депутаттыкты ала алган жок.
Негизги оппозициялык Консерватордук партия болсо добуштардын 34, 1 пайызын алганына карабастан шайлоо системасынан улам 121 депутат чыгара алды.
Шайлоодо Квебек Блогу партиясы 8,2 пайыз (32 депутат), Жаңы Демократиялык партия 17,6 пайыз (27 депутат), Жашылдар партиясы 2,2 пайыз (2 депутат) добуш алышты. Шайлоого катышуу катнашы 45, 65 пайыз болду.
Ошол эле учурда Канада Элдик партиясынын лидери Максим Берниер туулган жери Квебек провинциясында жетиштүү добушту ала алган жок. Ашыкча улутчул саясат жүргүзгөн Берниер мындан мурунку шайлоодо да парламентке кире алган эмес.
Шайлоодо парламентке кире албаган башка бир партиянын лидери да Торонто шайлоо округунан талапкер болгон Жашылдар партиясынын лидери Аннами Пол болду.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.