Россиядан Googleга 6 миллион рубль айып салынды

Роскомнадзордун Google компаниясына каршы доо арызы борбор шаар Москвадагы Таганский сотунда каралды.

1694007
Россиядан Googleга 6 миллион рубль айып салынды

Россияда, борбору АКШда (АКШ) жайгашкан технологиялык компания Googleга административдик мыйзам бузуудан улам 6 миллион рубль айып салынды.

Россиянын Федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө агенттигинин (Роскомнадзор) Google компаниясына каршы доо арызы борбор шаар Москвадагы Таганский сотунда каралды.

Сот Россияда тыюу салынган контентке Google аркылуу кирүүгө мүмкүн болгонуна байланыштуу компаниянын мыйзамдарды сактабаганын аныктап, Googleга 6 миллион рубль айып салды.

Өткөн айда Google өлкөдөгү ушундай мыйзам бузуулар үчүн жалпысынан 12,5 миллион рубль айыпка жыгылган. Ушундайча буга чейин Россияда Googleга салынган айыптардын жалпы суммасы 32,5 миллион рублга жетти.



Тектеш кабарлар