FDA орган алмаштыргандарга үчүнчү доза вакцина алууну сунуш кылды

Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы FDA берилген маалыматта үчүнчү доза вакцинанын экинчи дозадан эң аз 28 күндөн кийин алуу сунуш кылынды.

1690775
FDA орган алмаштыргандарга  үчүнчү доза вакцина алууну сунуш кылды

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) орган трансплантация кылдырган адамдарга, рак же башка ооруларга байланыштуу иммунитети начарлаган бейтаптарга Ковид  - 19 вирусунан коргонуу үчүн вакцинанын үчүнчү дозасын алууну сунуштады.

Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан берилген маалыматта үчүнчү доза вакцинанын экинчи дозадан эң аз 28 күндөн кийин алуу сунуш кылынды.

Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы сунушунун артынан  АКШнын Ооруларды көзөмөлгө алуу жана алдына алуу борборунун Консультативдик кеңешинин жыйынынан кийин иммунитети начарлаган бейтаптарга кошумча дозаны сунуш кылуу чечимин чыгарышы күтүлүүдө.

Франция менен Израил сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо органдары да бул багытта чечим кабыл алышты.

Орган алмаштырган адамдар жана  оорудан улам иммунитети начарлаган адамдар орточо кишиге караганда вируска карата дагы  алсыз болушат.



Тектеш кабарлар