Израиль Газага электрондук шаймандарды киргизүүгө тыюу салды

Израилдин Газага электрондук шаймандар менен материалдарды импорттоого жана Газадан жыгачтан жасалган буюмдарды экспорттоого тыюу салганы кабарланды.

1688656
Израиль Газага электрондук шаймандарды киргизүүгө тыюу салды

Израиль курчоого алган Газа тилкесине электрондук шаймандар да арасында болгон айрым өнүмдөрдү киргизүүгө жана чыгарууга тыюу салды.

Палестинанын чек ара бекеттери администрациясына караштуу Продукцияларды координациялоо боюнча төрагалык комитети тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Израилдин буга чейин Керм Абу Салим бекети аркылуу кирүүгө уруксат берген кээ бир продукцияларга тыюу салганын билдирди.

Ушул алкакта Израилдин Газага 34 түрдүү электрондук шаймандар менен материалдарды импорттоого жана Газадан колго жыгачтан жасалган буюмдарды экспорттоого тыюу салганы кабарланды.

Израиль болсо бул маселе боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок.



Тектеш кабарлар