Иран чек ара капкасын жапты

Иран Афганистандагы кагылышуулардын күч алышы менен Систан-Белужистан аймагында  чек ара капкасын жапты.

1686994
Иран чек ара капкасын жапты

Иран Афганистандагы кагылышуулардын күч алышы менен Систан-Белужистан аймагында  чек ара капкасын жапты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNAнын кабарына караганда Афганистандын Иран чек арасындагы Нимруз аймагынын Зеренж шаарына жакын жерде Талибан менен өкмөт күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар күч алды. Ошондуктан Афганистан менен Милак чек ара капксы жабылды.

Систан-Балужистан провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммед Хади Мереши, кечээ Афганистандын Зеренж шаарын Талибандын колго алгандыгын, бирок өкмөт күчтөрүнө кошумча күчтөр келгенден кийин Талибандын артка чегингендигин билдирди.

Мереши Милак чек ара капкасынын чыр -чатактардын күчөшүнөн улам жабылганын жана Ирандан Афганистанга бара жаткан 270 жүк ташуучу машинанын артка кайтарылганын айтты.



Тектеш кабарлар