Тажикстанда жер титирөө болуп 5 адам каза тапты
Бул тууралуу Тажикстандан Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.
1673265
Тажикстанда болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн 5 адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар комитети жасаган билдирүүдө бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 07: 14дө баш калаа Дүйшөмбүдөн 165 чакырым түндүк-чыгыш тараптагы Тажикабад районунда болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн арасында балдар да болгон 5 адам каза болуп, 2 адам жаракат алганы жазылган.
Билдирүүдө, жер титирөө учурунда дээрлик 20 үй жабыркаганы жана куткаруу топтору жер титирөө болгон аймакта иштерин улантканы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Кытай космоско 4 спутнигин учурду
4 спутник учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияларына жайгашты.