"Биг Жейк" өлдү

Жылкынын бою болжол менен 2,1 метр, салмагы 1 тонна 136 килограмм эле.

1670708
"Биг Жейк" өлдү

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 2,1 метрдик бою менен дүйнөдөгү эң узун ат деп таанылган 20 жаштагы "Биг Жейк" өлдү.

АКШнын Висконсин штатындагы Smokey Hollow фермасында багылган жылкынын бою болжол менен 2,1 метр, салмагы 1 тонна 136 килограмм эле.

20 жашында Биг Жейк 2010-жылы дүйнөдөгү эң узун ат катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген болчу.

Фермер Жерри Гилберт, жылкынын өлүмүн "биздин үй-бүлө үчүн оор жоготуу" деп мүнөздөдү.

Гилберт бул жылкынын фермада тынч жашаганын айтты.



Тектеш кабарлар