Ковид-19ду жуктуруп алган Люксембургдун премьер-министри ооруканага жаткарылды
Өткөн жумада Ковид-19 сынамасы оң болгон Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттел ооруканага жаткырылып, 24 саат бою көзөмөлдө болору белгилүү болду.
Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттел коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнө байланыштуу (кечээ) ооруканага жаткырылды.
Өткөн жумада Ковид-19 сынамасы оң болгон Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттел ооруканага жаткырылып, 24 саат бою көзөмөлдө болору белгилүү болду.
Люксембургдун Мамлекеттик министрлиги 48 жаштагы Беттелдин абалы боюнча кээ бир анализдер жүргүзүлөрүн жарыялады жана дарыгерлердин чечими боюнча премьер-министрдин ооруканада канча кала турганы чечилет.
Беттелдин Ковид-19ду жуктуруп алгандыгы 27-июнда жарыяланып, анда температура жана баш оору сыяктуу оорунун белгилери байкалган. Люксембургдун премьер-министри 24-25-июнь күндөрү ЕБ лидерлеринин саммитине катышты, бирок анын башка лидерлер менен тыгыз байланышта болбогону белгиленди.
Беттелге AstraZeneca Covid-19 вакцинасынын биринчи дозасы 6-майда берилген жана анын экинчи дозасын ооруп кала электе 1-июлга белгилегени айтылган.