Дүйнөдөгү экинчи бийик имараттагы мейманкана

165 бөлмөлүү мейманкана шаарды эң бийик жерден көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

1665221
Дүйнөдөгү экинчи бийик имараттагы мейманкана

Дүйнөдөгү экинчи бийик имаратта азыр мейманкана жайгашкан.

Кытайдын Шанхай шаарындагы узундугу 632 метр болгон Шанхай мунарасынын жогорку кабаттарында өтө люкс мейманкана конокторго эшигин ачты.

165 бөлмөлүү мейманкана шаарды эң бийик жерден көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Ультра-люкс мейманканада дагы көптөгөн шарттар бар.

Мейманкана жүздөгөн метр бийиктикте жайгашкандыктан лифттери да атайын иштелип чыккан. Лифттер секундасына 18 метр бийиктикке чыга алат.

Отелдеги 34 люкс бөлмөнүн түнкү баасы дүйнөдөгү эң кымбат тизменин башында турат. Люкс бөлмөлөрдө бир түнөп туруунун баасы болжол менен 10 миң 500 долларды түзөт.

Мейманкана жетекчилери кымбатчылыкка карабастан мейманканага кызыгуу бир топ жогору экендигин билдиришти.



Тектеш кабарлар