Угур Шахин: «BioNTech варианттарга каршы натыйжалуу»

Угур Шахин компаниянын жыйынында маалымат берди.

1663520
Угур Шахин: «BioNTech варианттарга каршы натыйжалуу»

Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясынын негиздөөчүсү профессор Угур Шахин, алар иштеп чыккан вакцинанын коронавирустун (Ковид-19) варианттарында да натыйжалуу экендигин билдирди.

Компаниянын жылдык жалпы чогулушунда BioNTech вакцинасынын вирустун варианттарына каршы натыйжалуулугуна баа берген Шахин: «Вакцинабызды учурдагы варианттарга ылайыкташтыруунун кажети жок», деди.

Шахин үчүнчү доза керектүү болгон учурунда буга даяр туруу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышкандыгын белгилеп, вакцинанын жаңы варианттардагы эффективдүүлүгүн тынымсыз талдап жатышканын маалымдады.



Тектеш кабарлар