Ооганстандагы Мазари-Шарифтин Белх району Талибандын көзөмөлүнө өттү

Балх провинциясынын Кеңешинин төрагасы Мухаммед Афзал Хадид согушкерлер эртең менен Балх районуна куралдуу кол салгандыгын билдирди.

1662272
Ооганстандагы Мазари-Шарифтин Белх району Талибандын көзөмөлүнө өттү

Талибан согушкерлери Ооганстандын түндүгүндөгү ири шаарлардын бири Мазари-Шарифтин Белх районун басып алышты.

Балх провинциясынын Кеңешинин төрагасы Мухаммед Афзал Хадид согушкерлер эртең менен Балх районуна куралдуу кол салгандыгын билдирди.

Кол салуунун натыйжасында район борборун башкаруу Талибандын колунда болгонун белгилеген Хадид согушкерлер шаардын кире бериш дарбазасына жакындап калгандыгын жана кагылышуулардын уланып жаткандыгын айтты.

Ал эми Талибан Белх шаарын толугу менен көзөмөлдөп, Мазари-Шарифке карай чабуулдар токтобой жатат деп ырастаган.

Талибан согушкерлери эртең мененки сааттарда Балх провинциясынын Девлет Абад, Шолгере жана Кишинде райондорун басып алышты.



Тектеш кабарлар