БУУ : "Кагылышуулар Ковид - 19 менен күрөшүү аракеттерин татаалдаштырууда"

БУУнун жетекчилери Коопсуздук Кеңеши тарабынан өткөрүлгөн онлайн режимдеги жыйында кагылышуу аймактарындагы жарандардын абалы тууралуу  талкуулашты.

1646032
БУУ : "Кагылышуулар Ковид - 19 менен күрөшүү аракеттерин татаалдаштырууда"

БУУ коронавирустун Ковид-19 эпидемиясы учурунда кагылышууларды токтотуу чакырыгына карабастан, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында кагылышуулардын улантылып жаткандыгын жана эпидемияга каршы  ​​ күрөшүү аракеттерин татаалдаштыргандыгын жарыялады.

БУУнун жетекчилери Коопсуздук Кеңеши тарабынан өткөрүлгөн онлайн режимдеги жыйында кагылышуу аймактарындагы жарандардын абалы тууралуу  талкуулашты.

БУУнун  гуманитардык маселелер боюнча жооптуу катчысынын орун басары Марк Лоукок Ковид-19 мезгилинде Сириядан Йеменге чейин, Конго Демократиялык Республикасынан Мозамбикке чейинки аймактардагы кагылышуулардын  ​​уланып жаткандыгын, мунун  вирус жуккан адамдардын дарылануусуна карата аракеттерге тескери таасир тийгизгендигин баса белгиледи.  

Луокок эпидемия мезгиилнде кечеңдетилген учак каттамдарынын, чек аралардын жабылышынын, саякат чектөөлөрү жана карантин чараларынын кагылышуу болгон аймактарга гуманитардык жардамдардын жеткирилишине тоскоол болгонудугуна көңүлдөрдү буруп : «Ошол эле учурда тартиптин бузулушу, санкциялар, террор менен күрөш тууралуу чаралар жана административдик тоскоолдуктар гуманитардык операциялардын жүргүзүлүшүн кыйындатты»,- деди.



Тектеш кабарлар