Пакистанда Израилге каршы митингдерге бомбалуу кол салуу жасалды

Кол салууда 6 адам каза болуп, 14 адам жаракат алды.

1643306
Пакистанда Израилге каршы митингдерге бомбалуу кол салуу жасалды

Пакистандын Белужистан аймагында Израилге каршы митингдерге карата жасалган бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 6 адам каза болуп, 14 адам жаракат алды.

Белужистан өкмөт катчысы Лиякат Шахвани Анадолу агенттигине берген маалыматта Чаман аймагында Израилге каршы митингге бомбалуу кол салуунун жасалгандыгын билдирди.

Шехвани митинг өткөрүлө турган багытта бомба жайгаштырылгандыгын, жарылууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 6 адамдын каза болгондугун, 14 адамдын жаралангандыгын, алардын ичинен төртөөсүнүн абалынын оор экендигин айтты.

Жарылуу митингге жол башчылык кылган Ислам Улемасы жамаатынын Белужистан төрагасы Мевлана Абдул Кадир Лонинин унаасынын жакынында болду.

Шахвани жарылууда Лонинин да жеңил жаралангандыгын белгиледи. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.

 

 



Тектеш кабарлар