Россия Израиль - Палестина сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү сунуш кылды

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин өлкөсүнүн Израиль жана Палестинанын ортосунда түздөн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын белгиледи.

1640382

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израиль менен Палестинанын ортосунда барган сайын күчөп бараткан чыңалуу жана Израилдин Газага карата абадан кол салууларын сүйлөшүү үчүн 3 -  жолу чогулду.

Вершинин жыйында сөз сүйлөп, Палестина менен Израилдеги жарандык жоготууларды айыптап, ок атышпоого алдыңкылыктын берилиши керек экендигин айтты.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалуунун себептеринин бирөөсүнүн түздөн түз сүйлөшүүлөрдүн кемчилдиги экендигине көңүлдөрдү бурган Вершинин өлкөсүнүн Израиль менен Палестинанын ортосунда түздөн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын айтты.

Израиль менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы калыбына келүүнүн Израиль  -  Палестина кризисин чечүү үчүн жетиштүү болбогондугун белгилеген Вершинин кризисти чечүү үчүн өзгөчө БУУ, Европа Биримдиги, АКШ жана Россия түзгөн Жакынкы Чыгыш төрттүгүнүн тышкы иштер министрлери деңгээлинде чолгулууну сунуш кылды.

Тектеш кабарлар