Ковид - 19 тести жуулуп кайрадан колдонулуптур

Индонезиядагы Куаланаму  эл аралык аэропортунда  Ковид  - 19  тесттеринин «жуулуп» кайра башка кишилерде колдонулгандыгы ортого чыкты.

1634625
Ковид  - 19 тести жуулуп кайрадан колдонулуптур

Индонезиядагы Куаланаму  эл аралык аэропортунда  Ковид  - 19  тесттеринин «жуулуп» кайра башка кишилерде колдонулгандыгы ортого чыкты.

Медан шаарындагы аэропортто медициналык каражаттарды чыгарган Кимиа Фарманын коронавирусту текшерүүдө колдонулган таякчаларды жууп, кургатып кайрадан саткандыгы белгиленди.

Тесттердин 9 000 жүргүнчүдө кайрадан колдонулгандыгы болжолдолгонун билдирген полиция окуя тууралуу фирманын башкаруучусунун жана 4 кызматкердин камоого алынгандыгын жарыялады.

Бул тесттерди берген Кимиа Фарма аттуу фирма бул 9 000 жүргүнчүнүн атынан ачыла турган кенен түрдөгү эл аралык соттук териштирүү менен беттешери болжолдолууда.

Өлкөдө жүргүнчүлөрдүн аба жолу менен саякатка чыгышы үчүн тест талап кылынат.

Жергиликтүү медиадагы кабарларда жүргүнчүлөрдүн жаңылыш позитив тест жыйынтыктарды алганына байланыштуу берилген арыздары боюнча полициянын аракетке өткөндүгү жана полиция топторунун жүргүнчү кейпине кирип операция жүргүзгөндүгү билдирилди.

Шектүүлөр саламаттыкты сактоо жана керектөөчү мыйзамдарын бузуу менен айыпталууда.

23 күбөнүн тергөөгө алынгандыгын айткан жетекчилер фирманын алдамчылык менен тапкан кирешесинин 1, 8 миллар рупи (203 миллион түрк лирасы) экендигин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар