Ысык аба жана күн нуру Ковид - 19дун жайылышын азайтат

Бир группа окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө ысык аба жана күн узун убакыт көрүнгөн жерлерде Ковид  - 19дун жайылышынын азайгандыгын ортого салды.

1633114
Ысык аба жана күн нуру Ковид  - 19дун жайылышын азайтат

Бир группа окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө ысык аба жана күн узун убакыт көрүнгөн жерлерде Ковид  - 19дун жайылышынын азайгандыгын ортого салды.

Жыйынтыктары "Scientific Reports" журналында жарыяланган изилдөөдө өлкөлөрдүн географиялык абалынан улам өзгөрүп туган ысыктык күн алуу жана нымдуулук катнашы сыяктуу факторлорго көңүл бурган адистер экватор сызыгынан алыстаганда ар бир 1 градустук кеңдикте миллион киши башына Ковид  - 19  бейтап санында 4, 3 пайыздык жогорулоонун болгондугу жыйынтыгына барышты.

Изилдөөдө 117 мамлекетке таандык  нымдуулук, температура жана күндүн узактыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле шаарлашуу, Ковид-19 тестинин тыгыздыгы, улгайган калктын катнашы жана саламаттыкты сактоо чыгымдары сыяктуу маалыматтар анализделди.

Табылгалар климаты жылуу өлкөлөрдө Ковид-19 бейтап саны суук климатка салыштырмалуу төмөн экендигин көрсөттү.

Бир тараптан окумуштуулар изилдөөнүн эпидемиянын башталышынан 2021 -  жылдын январь айына чейинки убакытты камтыгандыгын, Ковид  - 19дун жаңы чыккан варианттарында да ошол эле жыйынтыктын байкалып же байкалбай тургандыгы азырынча белгисиз экендигин билдиришти.



Тектеш кабарлар