Россия 7 дипломатты өлкөдөн чыгарууда

Билдирүүдө: «Литва элчилигинен 2, Латвия жана Эстония элчиликтеринен да бирден кызматкерден 7 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетүүсү талап кылынды» деп кабарланды.

1630066
Россия 7 дипломатты өлкөдөн чыгарууда

Россия 2 литвалык, 1 латвиялык, 1 эстониялык жана 3 словакиялык дипломатты "персона нон грата" (кааланбаган киши) деп жарыялады.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Литванын Москвадагы элчиси Эйтвидас Баярунас, Латвиянын Москвадагы элчиси Марис Риекстинш жана Эстониянын Москвадагы элчилигинин катчысынын орун басары Пирет Рейнтамм Бенно Министрликке чакырылып, бул өлкөлөрдөгү орусиялык дипломаттарды негизсиз жана чагымчыл жол менен депортациялоо чечимине катуу каршылык көрсөтүлгөндүгү белгиленди.

Вильнюс, Рига жана Таллиндин Россияга карата ачыктан-ачык душмандык жолун уланткандыгы айтылган билдирүүдө, бул Балтика өлкөлөрүнүн Чехия менен Россияга каршы тилектештик көрсөтүп жаткандарына көңүл бурулду.

Билдирүүдө: «Өз ара мамиле принцибинин негизинде Литва элчилигинен 2, Латвия жана Эстония элчиликтеринен да бирден кызматкерден 7 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетүүсү талап кылынды» деп кабарланды.

Эстониянын элчиси Любомир Рехактын да Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып нота берилгендиги маалымдалган билдирүүдө, Словакиядагы 3 орусиялык дипломаттын абсурд жана жалган айыптоолор менен "персона нон грата" деп жарыялангандыгы, Словакиянын Россияга каршы  үгүттөр аркылуу Чехия менен жалган тилектештигин көрсөткөндүгү айтылды.  



Тектеш кабарлар