Европа Биримдиги Батыш Балкандарга 361 000 доза вакцина жиберет

Вакциналар май айында тапшырыла баштайт жана август айына чейин улантылат.

1625024
Европа Биримдиги  Батыш Балкандарга 361 000 доза вакцина жиберет

 Европа Биримдиги Ковид  - 19га каршы чыгарылган 651 000 доза вакцинаны  Батыш Балкан өлкөлөрүнө жиберет.

Европа Биримдиги комиссиясынан берилген маалыматка караганда вакциналар Европа Биримдигинин финансылык булагы менен алынат жана Австрия тарабынан тапшырылат.

Вакциналар май айында тапшырыла баштайт жана август айына чейин улантылат.

Албанияга 145 000, Косовага 95 000, Түндүк Македонияга 119 000, Сербияга 36 000, Черногрияга 42 000 жана Босния Герцеговинага 214 000 доза вакцина жиберилет.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен берген маалыматында : «Батыш Балкандарда медицина кызматкерлери жана аялуу топторду эмдөөдөн өткөрө турган дозаларды бергенибиз үчүн кубанычтуумун. Европа Биримдиги жардамдарыбызды күтүп жаткан аймактагы өнөктөштөрүнүн  жанында»,- деди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүү жана коңшулук карым  - катнаштарынан жооптуу мүчөсү Оливер Вархелий да эпидемиянын башынан бери Батыш Балкан өлкөлөрүнө жардам беришкендерин, Европа Биримдигинин глобалдык ачарчылыкка карабастан Батыш Балкандарга вакцина жиберерин билдирди.



Тектеш кабарлар