Украинанын Санкт Петербургдагы консулу камоого алынды

Россиянын федералдык коопсуздук кызматы Украинанын Санкт петербург консулу Александр Сосонюкту «жашыруун маалыматтарды алуу» деген негиз менен камоого алды.

1623134
Украинанын Санкт Петербургдагы консулу камоого алынды

Украинанын тышкы иштер министрлигинин катчысы Олег Николенко өлкөсүнүн Санкт Петербург консулу Александр Сосонюктун камоого алынышына жооп беришерин белгиледи.

Украинанын расмий маалымат агенттиги Укринформдун кабарына ылайык катчы Николенко берген маалыматында Санкт Петербург консулдугунун камоого алынышын Россиянын провакацяисы деп мүнөздөдү.

Консул Сосонюктун Укриана дипломатиялык миссиясында экендигин белгилеген Николенко : «Камоого алуу шарттары иликтенүүдө. Украина жакынкы убакта бул провокацияга кандай жооп берери тууралуу чечим кабыл алат»,- деп билдирди.

Россиянын федералдык коопсуздук кызматы Украинанын Санкт Петербург консулу Александр Сосонюкту «жашыруун маалыматтарды алуу» деген негиз менен камоого алган.



Тектеш кабарлар