Эл аралык космос станциясынан үч астронавт кайтып келди

Космостук топ Эл аралык космос станциясында медицина, космостук биология жана биотехнология сыяктуу ар кандай тармактарда 44 тажрыйба жүргүзүштү.

1623067
Эл аралык космос станциясынан үч астронавт кайтып келди

Эл аралык космос станциясында (UUI) 6 ай жүргөн америкалык астронавт менен эки орус космонавт Союз МС-17 космостук кемеси менен Жерге конду.

Эл аралык космос станциясында 6 ай кызат кылган россиялык космонавттар Сергей Рыжиков менен Сергей Куд-Свречков жана америкалык астронавт Кейт Рубинсти ташыган Союз МС-17 космос кемеси жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.55те Казакстандын Жезказган шаарынан 147 чакырым алыстыктагы талаага конду.

Космостук топ Эл аралык космос станциясында иштеген 6 ай ичинде медицина, космостук биология жана биотехнология сыяктуу ар кандай тармактарда 44 тажрыйба жүргүзүштү.

Станцияда учурда 7 адамдан турган команда бар, алардын экөө орус, төртөө америкалык жана бирөө япон.

Эл аралык космос станциясында АКШнын Улуттук авиация жана космос агенттиги (НАСА), Россиянын РОСКОСМОС космостук ишмердүүлүк уюму, Европанын Космос агенттиги, Канаданын Космос агенттиги жана Япониянын Космос изилдөө агенттиги биргелешип иштеп жатышат.



Тектеш кабарлар