Грузияда 6 депутат дагы өз партияларынан баш тартты

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын мүчөсү 6 депутат 18 - февралда отставкага кеткен мурунку премьер- министр Георгий Гахарияны колдоп, өз партияларынан баш тарткандарын жарыялашты.

1621279

Пресс - жыйында кызматтан кетүү чечимдерин жарыялаган 6 депутат мурунку премьер- министр Гахариянын лидерлигинде түзүлө турган жаңы партияга мүчө болушарын айтышты. Арыз берген депутаттар өлкөдө саясий кризистин болгондугун, бул маселени чечүү керектигин жактап бийликтеги партия менен бул маселе боюнча түрдүү көз караштарда экендерин билдиришти.

Гахария 18 -февралда берген маалыматында өлкөдөгү негизги оппозиция партиясы «Бириккен улуттук кыймыл» партиясынын лидери Ника Мелиага карата камоо чечими тууралуу пикир айырмачылыгынан улам отставкага кеткендигин белгилеген.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы 31 -октябрда болгон жалпы шайлоодо 150 мүчөлүү парламентке 90 депутат киргизген.

Бүгүн 6 депутаттын чыгышы менен парламентте 84 орунга ээ болот.

Тектеш кабарлар