ДССУ: «AstraZeneca вакцинасынын пайдалары тобокелдиктерден жогору»

Дүйнө жүзүндө Ковид-19га чалдыккандардын саны 120 миллиондон ашып, 2,5 миллиондон ашуун адамдын вирустан көз жумганы белгиленди.

1604930
ДССУ: «AstraZeneca вакцинасынын пайдалары тобокелдиктерден жогору»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) AstraZenecaнын коронавирустук (Ковид-19) вакцинасынын пайдалары тобокелдиктерден жогору экендигин билдирди.

Уюмдун билдирүүсүндө, ДССУнун Вакциналардын коопсуздугу боюнча глобалдык кеңешүү комитетинин 16-март жана 19-мартта онлайн режиминде чогулгандыгы айтылды.

Билдирүүдө дүйнө жүзүндө Ковид-19га чалдыккандардын саны 120 миллиондон ашып, 2,5 миллиондон ашуун адамдын вирустан көз жумганы белгиленди.

Европада ушул убакка чейин 20 миллион AstraZeneca вакцинасы колдонулгандыгы маалымдалган билдирүүдө, Индияда өндүрүлгөн Covishield вакцинасынан (Индия Serum институту чыгарган AstraZeneca-Oxford вакцинасы) да бул өлкөдө 27 миллион доза эмделгендиги кабарланды.

Кеңешүү комитетинин изилдөөлөрүндө, "AstraZeneca компаниясынын Ковид-19 вакцинасынын пайдалары (Ковишиелд) тобокелдиктерден жогору, дүйнө жүзү боюнча инфекцияларды алдын алуу жана өлүмдү азайтуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү бар» деген тыянак чыкты.

Европанын Дары-дармектер агенттиги (EMA) да Германия, Франция, Италия жана Испания баш болгон айрым Европа өлкөлөрүнүн, кандын уюп калышы сыяктуу терс таасирлерди жараткандыгы себеби менен AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотушунан кийин жасаган илимий баа берүүсүндө, вакцинанын "коопсуз жана пайдалары тобокелдиктерден жогору экенин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар