ДССУ: «Аялдар COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы катарларда турат»

Онлайн өткөрүлгөн маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Ханс Клюге, Ковид-19га каршы күрөштө аялдардын ролуна көңүл бурду.

1595676
ДССУ: «Аялдар COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы катарларда турат»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа директору Ханс Клюге, коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүдө алдыңкы катарларда турган саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин көпчүлүгү аялдар экендигин билдирди.

Онлайн өткөрүлгөн маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Ханс Клюге, Ковид-19га каршы күрөштө аялдардын ролуна көңүл бурду.

Клюге дүйнө жүзүндө саламаттык сактоо тармагында иштеген 10 адамдын 7си аялдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары Клюге, Европа континентинде иштеген медайымдардын 84 пайызы жана дарыгерлердин 53 пайызы аялдар экендигин маалымдады.

Клюге келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө шилтеме кылып, Европанын бир дагы өлкөсүндө гендердик теңчиликтин камсыздалбагандыгын жана пандемия учурунда мындай абал курчуп кеткенин кабарлады.

Аялдардын вирусту жуктуруп алуу деңгээли жогору экендигин белгилеген Ханс Клюге: «Өзгөчө абалдардын аялдардын ден-соолугуна ченемсиз таасири бар экенин көптөн бери билебиз жана Ковид-19 өзгөчө жагдай эмес»,- деди.

Экинчи жагынан Клюге 5 жума мурун Ковид-19га чалдыккан болжол менен 1,3 миллион саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин 68 пайызы аялдар экендигин билдирди.

Европа директору Клюге пандемияга каршы күрөштө алдыңкы катарларда турган кызматкерлерди коргоо үчүн бардык аракеттердин көрүлүшү керектигин жана сектордогу кызматкерлерди эмдөө өкмөттөрдүн милдети экендигин айтты.



Тектеш кабарлар