"Уханда 2019 - жылдагы эпидемия болжолдолгондон дагы чоң эле"

ДСУ делегациясынан  Петер Бен Эмбарек Уханда чыккан эпидемиянын көлөмүнүн божолдолгондон дагы чоң экендигиy айтты.

1583664
"Уханда 2019 -  жылдагы эпидемия болжолдолгондон дагы чоң эле"

ДСУ делегациясынан  Петер Бен Эмбарек 2019 -  жылы декабрь айында Уханда чыккан эпидемиянын көлөмүнүн божолдолгондон дагы чоң экендигине байланыштуу маалыматтарды топтошкондорун билдирди.

Ковид  - 19  эпидемиясы чыккан жер катары болжолдолгон Кытайдын Ухань шаарына барган ДСУ делегациясынан Эмбарек CNN телекөрсөтүүсүнө берген маалыматта : «2019 -  жылы декабрь айында вирус Уханда кенен тараган, бул жаңы маалымат»,- деди.

Эмбарек 2019 -  жылы декабрь айында вирус Уханда аныкталгандардан башка кеминде 1000 кишиге жукканын  болжолдоп жатышкандарын айтты. Эмбарек аймактагы эпидемиянын болжолдолгондон дагы чоң экендигине байланыштуу маалыматтарды чогултушкандарын билдирди.

Делегациянын 2019 -  жылы 8 -  декабрда Уханда Ковид  - 19 вирусун жугузган биринчи киши менен жолугушкандыгын айткан Петер Бен Эмбарек кыйтайлык илимпоздордун ДСУ делегациясына 174 бейтап үлгүсүн бергенин айтты.

Уханда SARS-CoV-2нин 13 түрдүү генетикалык тизмектерин чогултушкандарын белгилеген Эмбарек өзгөчө Кытайды ушул кезге чейин иликтенишине уруксат бербеген жүз миңдеген кан үлгүсүн иликтөө үчүн уруксат берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар