Дейрузордо бир киши ЙПГ/ПККнын кыйноосуна дуушар болду

Кыйноо көргөн 45 жаштагы Хаммед Али мотоцикл уурдоо менен күнөөлөндү.

1577906
Дейрузордо бир киши ЙПГ/ПККнын кыйноосуна дуушар болду

Сириянын чыгышындагы Дейрузор облусунда баласы күнөөсүз жерден ЙПГ/ПКК террористтери кармаган атанын кыйноонун айынан бир бөйрөгү иштебей турган абалга келди.

Анадолу агенттигинин жергиликтүү булактардан алынган маалыматына караганда террордук уюм ЙПГ/ПКК Дейризор облусунун чыгыш элетинде басып алган Таййане аймагында 45 жаштагы Хаммед Али менен 14 жаштагы уулу Саад Алини мотоцикл уурдады деген негиз менен камаган.

Аймакта мотоцикл уурдагандардын ЙПГ/ПКК террористтери болгондуктан күнөөнү ата менен балага оодарды.

Кармалган ата бала ЙПГ/ПКК басып алган Өмер нефть аянтында камоого алынып 4 күн түрдүү кыйноого дуушар болгон.

Кыйноого чыдабаган ата бир бөйрөгүнүн иштен чыгышы менен уул экөөсү эркин койо берилди.



Тектеш кабарлар