Tesla сенсордук экран көйгөйүнөн улам 134 миң 951 унаасын чакыртып алат

Сенсордук экран көйгөйүнүн коопсуздук коркунучун туудурушу мүмкүн экени билдирилди.

1576523
Tesla сенсордук экран көйгөйүнөн улам 134 миң 951 унаасын чакыртып алат

Америкалык электромобилдерди чыгаруучу Tesla компаниясы, "Model S" жана "Model X" унааларындагы сенсордук экран көйгөйүнөн улам 134 миң 951 унааны чакыртып алат.

Америка Кошмо Штаттарынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча улуттук башкармалыгы (NHTSA) 13-январда Теслага сенсордук экрандын иштебей калышынын коопсуздук коркунучун туудургандыгына байланыштуу кат жөнөткөн болчу.

Катта, унаалардагы сенсордук экран көйгөйүнүн арткы көрүнүш камералары менен муз тазалагычтардын бузулушуна себеп болгону үчүн коопсуздук коркунучун туудурушу мүмкүн экени айтылган.

12 миңден ашуун кардарлардын даттануулары, кепилдик сурамдары жана экрандарга байланыштуу нааразычылыктар бар экени айтылган катта, экран көйгөйлөрүнүн Тесланын көптөгөн унаасында байкалышы мүмкүн экени боюнча эскертилген.



Тектеш кабарлар