НАТОнун башкы штаб төрагаларынын жыйыны

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башкы штаб төрагалары союздаштык жүргүзгөн операцияларды, миссияларды жана аткарган иштерин карап чыгуу үчүн чогулушту.

1572129
НАТОнун башкы штаб төрагаларынын жыйыны

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башкы штаб төрагалары союздаштык жүргүзгөн операцияларды, миссияларды жана аткарган иштерин карап чыгуу үчүн чогулушту.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында болгон жыйынга айрым өлкөлөрдүн башкы штаб төрагалары жеке өздөрү, айырмдары видеоконференция аркылуу катышууда.

Түркиянын атынан катышкан башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер жыйынга видеоконференция аркылуу катышкан башкы штаб төрагаларынын арасында орун алды.

Аскердик комитеттин төрагасы  авиация генералы Стюарт Пич жетекчилик кылган жыйында башкы штабдын төрагалары НАТО операциялары, миссиялары жана аткарган иштерин карап чыгышат жана Чечкиндүү колдоо, НАТО Ирак миссиясы менен Косова күчүнүн негизинде операциялык өнөктөштөр менен жолугушат.

Катышуучулар НАТОнун иштерин өткөн жылы кабыл алынган Европа  -  Атлантика аймагын чектөө жана коргоо концепциясы менен шайкеш келтирүү процессиндеги алдыга жылууну карап чыгат жана НАТОнун согуштук концепсиясы тууралуу сунуштарын жыйынтыктайт. Жыйында коронавирус эпидемиясынан алынган сабактар менен азыркы жана келечектеги коркунучтар да каралат.



Тектеш кабарлар