ДСУ дүйнөдөгү өлкөлөрдү вакцина темасында эскертти

ДСУнун Аткаруу Кеңешинин 148-жыйыны Швейцариянын Женева шаарында видео конференция ыкмасы менен өттү.

1566401
ДСУ дүйнөдөгү өлкөлөрдү вакцина темасында эскертти

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөөдө «моралдык мүчүлүштүктөр» боюнча эскертти.

Башкы директор «Кеминде 49 кирешелүү бай өлкөдө 39 миллион дозадан ашык вакцина колдонулган. Аз кирешелүү өлкөгө 25 доза гана берилген»,-деди.

ДСУнун Аткаруу Кеңешинин 148-жыйыны Швейцариянын Женева шаарында видео конференция ыкмасы менен өттү.

ДСУнун башкы директору Адханом Гребейесус, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө өлкөлөрдү (Сovid-19) вакциналардын бардык өлкөлөргө бирдей жана адилеттүү таратылышы үчүн глобалдык тилектештикке чакырды.

Ковид-19 эпидемиясы Кытайдын Ухань шаарында башталгандан бир жылга жетпеген убакытта «коопсуз жана натыйжалуу» вакциналарды табуу чоң ийгилик болгонун баса белгилеген Гебрейесус: «Бирок азыр вакциналар кээ бирлерге үмүт алып келсе дагы, дүйнөдөгү байлар менен кедейлердин ортосундагы теңсиздиктин дубалына дагы бир кирпич болуп калуу коркунучунда турабыз»,-деп эскертти.

Гебрейесус, атын атабастан кээ бир бай өлкөлөр вакцина чыгаруучу компаниялар менен эки тараптуу келишимдерди биринчи орунга койгонун баса белгилеп, натыйжада 190 өлкө катышкан Koвид-19 вакциналарынын глобалдык мүмкүндүк алуу программасын (COVAX) тобокелге салганын баса белгиледи.

2020-жылы кирешеси жогору өлкөлөр менен вакцина чыгарган компаниялардын ортосунда 44 келишим, быйыл болсо кеминде 12 «эки тараптуу келишим» түзүлгөндүгүн  белгилеген Гебрейесус: «Ушул убакка дейре кеминде 49 бай мамлекетте 39 миллион дозадан ашык вакциналар колдонулду. Кирешеси аз өлкөгө 25 гана доза берилген. 25 миллион эмес, 25 миң эмес, 25 гана. Мен ачык айтышым керек, дүйнө адеп-ахлактык жактан кыйроого учуроонун алдында турат. Бул ийгиликсиздиктин чыгымын да дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдө жашаган адамдар өмүрү жана тиричилиги менен төлөйт»,-деп айтты.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму тарабынан координацияланган COVAX программасы потенциалдуу Ковид-19 вакцинасын иштеп чыгуу, өндүрүү жана айрыкча кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө адилеттүү түрдө таркатууга багытталган глобалдык демилге катары кабыл алынган.



Тектеш кабарлар