Малиде 15 террорист жок кылынды
Жергиликтүү маалымат каражаттары француз армиясы 9 - январда Буликесси аймагында террордук уюм Аль Каидага байланыштуу топко кол салгандыгын маалымдашты.
1564784
Малинин Буркина Фасо чек арасында өткөн жумада 15 террорист жок кылынды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары француз армиясы 9 - январда Буликесси аймагында террордук уюм Аль Каидага байланыштуу топко кол салгандыгын маалымдашты.
Кол салууда 15 террорист жок кылынып, көп сандаган ок – дарынын колго түшүрүлгөндүгү белгиленди.
Малиде Франциянын «Бархане» операциясынын алкагында декабрдын аягынан январдын башына чейин 5 аскер өлтүрүлдү.
2013 - жылдан бери Нигер, Чад, Мавритания, Буркина Фасо жана Малидеги «Бархане» операциясында жалпысынан 50 аскер каза болуп, ага 5100 аскер катышкан.