Климаттык алмашуу балдардын жетерсиз тамактануусуна себеп болууда

Изилдөөчүлөр климаттык алмашууга байланыштуу орточо температуранын жана жаан - чачындын көбөйүшү балдардын тамак – аш түрдүүлүгүн азайтканын аныкташты.

1564245
Климаттык алмашуу балдардын жетерсиз тамактануусуна себеп болууда

Климаттык алмашуу жараткан ысыктыктын жогорулашы балдарда жетерсиз тамактанууга себеп болгондугу билдирилди.

Phys.org веб – сайтында орун алган маалыматка  ылайык, АКШнын Вермонт университетинен изилдөөчүлөр жыйынтыктарды "Environmental Research Letters" журналында  жарыяланган иликтөөдө Азия, Африка жана Түштүк Америкадагы 19 өлкөдө жашаган 107 000 баланын күнүмдүк тамактануусун иликтеди.

Изилдөөчүлөр климаттык алмашууга байланыштуу орточо температуранын жана жаан - чачындын көбөйүшү балдардын тамак – аш түрдүүлүгүн азайтканын аныкташты.

Изилдөөнүн жыйынтыктарына караганда климаттык алмашууга  көбүрөөк дуушар болгон өлкөлөрдөгү 5 жашка чейинки балдар эт, сүт, балык, буурчак, дан өсүмдүктөрүнөн орточо 3,2 бөлүгүн гана пайдалана алышууда.

Бул өлкөлөрдө 5 жашка чейинки ар бир үчүнчү бала темир, цинк, фолий кислотасы, А жана Д витаминдери сыяктуу балдардын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү микроэлементтерди ала албай жатат.

БУУнун маалыматы боюнча, 2019 - жылы 5 жашка чейинки 144 миллион бала жетишсиз тамактануудан жана 47 миллион бала өнөкөткө айланган жетерсиз  тамактанууга байланыштуу алсыздыктан жапа чегүүдө.



Тектеш кабарлар